КРдин Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайда жайгаштырылган Кыргызстандын жарандары менен жолугушту

110

2023-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгынын чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайда (мындан ары – Борбор) жайгаштырылган Кыргызстандын жарандарына барып, жолугушту.

Мекендештер менен болгон жолугушууда Башкы консулдуктун кызматкерлери жүргөн өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын сактоо зарылдыгын, соттун чечимдерине даттануу мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирип, алардын суроолоруна жооп беришти.

Андан сырткары Борбордун башчысынын орун басары А.Кузнецова менен жолугушуу болуп, ал кыргызстандыктарды кармоонун шарттары менен тааныштырып, административдик укук бузуу боюнча соттун чечимдери келип түшөөрү менен жарандар мекенине жибериле тургандыгын маалымдады.

Маалымат катары: Учурда Борбордо КРнын 18 жараны РФнын аймагынан административдик түрдө чыгаруу үчүн соттун чечимдеринин күчүнө киришин күтүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK