Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын жаранынын биринчи электрондук-санариптик кол тамгасын тариздеди

121

2023-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын жаранынын биринчи электрондук-санариптик кол тамгасын тариздеди.

Башкы консулдук Россия Федерациясынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2023-жылдын 25-июлунан тартып, “булуттук” технологияларды колдонуу менен түзүлгөн электрондук кол тамганын ачкычтарынын сертификаттарын акысыз алууга мүмкүнчүлүгү бар экендигине көңүлдөрүн бурат.

Ал үчүн Кыргыз Республикасынын жараны жеке өзү Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрылуусу керек жана жанында Кыргыз Республикасынын жарактуу улуттук паспорту болушу зарыл.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK