Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда Уралдын борборунда жашаган мекендештер менен кезектеги жолугушуу болуп өттү

116

2023-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда Уралдын борборунда ишмердүүлүк жүргүзгөн кыргыз диаспоралдык уюмдардын өкүлдөрү, коомдордун лидерлери жана жашаган мекендештер менен кезектеги жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда Башкы консулдук консулдук-укуктук ишмердүүлүгүн, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат берип, катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Бир эле учурда мекендештердин көңүлүн жүргөн өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын жана ЕАЭБдин алкагындагы эмгек милдеттенмелерин сактоо зарылдыгына бурду.  

Жолугушуунун жыйынтыгында мекендештердин арасында жаралып туруучу актуалдуу маселелерди ыкчам чечүү максатында, жигердүү кызматташууну улантуу макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK