Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Екатеринбург шаары боюнча Россиянын ИИМБнин чет өлкөлүк жарандарды убактылуу жайгаштыруучу Борборуна барышты

103

Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2023-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери тарабынан Екатеринбург шаарындагы Россиянын Ички иштер министрлигинин чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборго, кезектеги иш сапары уюштурулду (мындан ары - Борбор).

Иш сапардын алкагында Башкы консулдуктун кызматкерлери борбордо Россиядан административдик мажбурлап чыгарууну күтүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда мекендештерди кызыктырган суроолорго жооптор берилип, консулдук юридикалык кеңештер айтылды.

Ошондой эле борбордун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө жогоруда аталган жарандарды өлкөдөн чыгаруу боюнча соттун чечимдери мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, сот аткаруучулар менен биргеликте мекенге тездетип жөнөтүү боюнча макулдашууга жетишишти.

Иш сапар учурунда борбордо Кыргыз Республикасынын 13 жараны убактылуу жайгаштырылган. 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK