Кыргызстан Ирбит жарманкесинде катышты
Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу кыргыз коомдук диаспора уюму менен биргеликте 2023-жылдын 10-августунан 13-августуна чейин Ирбит шаарында өткөн Ирбит жарманкесинде Кыргызстан павильону менен катышты.
Павильондо иш-чаранын коноктору кыргыздын көчмөн элинин маданияты менен таанышып, салттуу тамактарынан жана суусундуктарынан даам татышты. Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат өзгөчө кызыгууну жаратты.
Иш сапардын алкагында Башкы консулдуктун кызматкерлери Ирбит шаарында жашаган мекендештер менен жолугушуп, алардын иштеген жерлеринде болушту. Кыргыз Республикасынын жарандары Башкы консулдуктун консулдук-укуктук ишмердүүлүгү, кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодогу иштери боюнча маалымдалып, кызыккан суроолоруна жооп алышты.
Маалымат катары: Ирбит жарманкеси Россиянын эң ири жарманкелеринин бири болуп, жыл сайын Свердлов облусунун өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлөт.