Кыргызстандын өкүлдөрү Екатеринбург шаарынын 300 жылдык мааракесине катышты

98

2023-жылдын 17-августунан 19-августуна чейин Уралдын борборунун 300 жылдыгына арналган салтанатка Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов, Бишкек шаарынын Вице-мэри Виктория Мозгачева жана Свердлов облусунда жашаган кыргызстандыктар катышты. Бишкек менен Екатеринбург боордош шаарлар.

Кыргызстандын өкүлдөрү мааракелик иш-чараларга катышып, шаардын администрациясын жана тургундарын Екатеринбургдун 300 жылдыгы менен куттуктап, ошондой эле эстелик белектерин тапшырышты.

Шаар күнүнүн салтанаттуу ачылышы Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашевдун, Екатеринбург шаарынын башчысы Алексей Орловдун, облустук жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жетекчилеринин, чет элдик делегациялардын, консулдук мекемелердин, шаардын тургундарынын жана конокторунун катышуусунда өттү.

Маалымат катары: Екатеринбург шаарынын 300 жылдыгына арналган коштоо иш-чараларынын алкагында Кыргызстанды Башкы консулдук жана мекендештер «Урал музыка түнү – Ural Music Night», улуттук көчө оюндары Эл аралык фестивалдарына (23-24-июнь) жана «Ооба, шеф» гастрофестивалына (23-июль) катышуу менен татыктуу көрсөттү. Ошондой эле «Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы жана Екатеринбург шаарынын 300 жылдыгы» аталышта «Кызыл сап» Биринчи Екатеринбург Эл аралык китеп фестивалына (26-август) катышуу пландалууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK