КР ТИМнин 2023-жылдын 18-августына карата маалыматтык билдирүүсү

104

Россия Федерациясынын аймагында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү жеңил унаа (такси) менен ташуу жаатында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсине

 

2023-жылдын 1-сентябрынан тартып Россия Федерациясында 2022-жылдын 29-декабрындагы № 580-ФЗ «Россия Федерациясында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү жеңил унаа (такси) менен ташууну уюштуруу жөнүндөгү, Россия Федерациясынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү жана Россия Федерациясынын мыйзам актыларынын айрым жоболорун күчүн жоготту деп табуу жөнүндөгү» Федералдык Мыйзамдын негизги жоболору күчүнө кирет (мындан ары - Такси жөнүндө мыйзам).

Такси жөнүндө мыйзамга ылайык, төмөнкүлөр жүргүнчүлөрдү ташуучу жеңил унаалардын айдоочусу (таксист) боло алат:
 

1) «В» категориясындагы транспорт каражаттарын үч жана андан көп жыл башкарууга укуктуу;


2) «В» категориясындагы транспорт каражаттарын айдоо үчүн медициналык каршы көрсөтмөсү же медициналык чектөөлөрү болбогон айдоочулар;
 

3) ташуучу менен эмгек келишимин түзгөн же жеке ишкер болуп саналган тиешелүү уруксаты бар адам.

Ошол эле учурда, төмөнкүлөргө жеңил унааны (таксини) башкарууга тыюу салынат:
- төмөнкү кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар айдоочуларга: адам өлтүрүү, ден соолукка атайын оор залал келтирүү, адам уурдоо, тоноочулук, каракчылык, жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар, ошондой эле, Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга кирген коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы, тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы жасалган кылмыштар;
-ташууга бир күн калганда жол эрежесин бузгандыгы үчүн үчтөн ашык төлөнбөгөн административдик айыптары бар айдоочуларга;
- жылына бирден ашык жолу жол эрежесин бузгандыгы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган же камакка алынган айдоочуларга;
- Россия Федерациясынын субъектисинин аймагындагы транспорттук инфраструктура объектилеринин, маданий мурас объектилеринин, медициналык, билим берүү, спорт объектилеринин, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген объектилеринин жайгашкан жерин, өзгөчө кырдаалда аткарылуучу иш-аракеттерди, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү жеңил унаа (такси) менен ташуу эрежелерин билүү боюнча аттестациядан өтпөгөн айдоочуларга, эгерде мындай аттестацияны өткөрүү тартиби жана көрсөтүлгөн кесиптик билимдерге карата коюлган талаптар Россия Федерациясынын субъектисинин мыйзамы жана (же) башка ченемдик укуктук актылары менен бекитилсе.

 

Россия Федерациясынын аймагында такси тармагында иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары иш берүүчүгө соттолбогондугу жөнүндө эки маалым кат берүүсү зарыл:


- Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу тууралуу (Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, Башкы консулдуктарына кайрылып, алууга болот);
- Россия Федерациясынын аймагында соттолбогондугу тууралуу (Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынан же Россия Федерациясынын көп функционалдуу борборлорунан алууга болот).

Жогорудагы мыйзамдык өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, терс кесепеттерге жол бербөө максатында, Министрлик жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү жеңил унаа менен (такси) ташуу тармагында иштеген кыргызстандыктарга Такси жөнүндө мыйзамдын жоболорун кылдаттык менен таанышып чыгууну сунуштайт жана Россия Федерациясынын мыйзамдарынын талаптарын милдеттүү түрдө аткарууга чакырат.

Ошондой эле, Такси жөнүндө мыйзам күчүнө киргенге чейин, кийин эмгек ишмердүүлүгүн мыйзамдуу жүргүзүү үчүн талап кылынган бардык жол-жоболордон өтүүнү сунуштайт.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK