Башкы консулдук 2023 - Эл аралык университеттик спорт фестивалынын ачылышына катышты

111

2023-жылдын 20-августунда Екатеринбургда Эл аралык университеттик спорт фестивалынын расмий ачылышы болуп өттү, ага дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн спорттук командалар, анын ичинде Кыргыз Республикасы дагы катышууда.

Фестивалдын катышуучуларын, конокторун жана уюштуруучуларын Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин куттуктады – анын кайрылуусун мамлекет башчынын жардамчысы Игорь Левитин окуп берди. Саламдашуу сөздөрү менен Орусиянын спорт министри Олег Матыцин жана Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашев сөз сүйлөштү.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын 6 командасынан турган спорттук делегацияны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият усулдук борборунун директору Кулболду Исаев жетектеп келген.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Кыргызстандан келген спорттук делегациянын мүчөлөрү менен жолугушуп, спорттун 14 түрү боюнча өтө турган мелдештерде ийгиликтерге жетүүнү каалашты.

Ушул эле күнү Россиянын спорт министри О.Матыцин Фестивалдын спорттук делегацияларынын, дипломатиялык жана консулдук мекемелердин жетекчилери менен жолугушту, ага Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Р.Бийбосунов катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө спорт тармагындагы мындан аркы эл аралык кызматташуу маселелери талкууланды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK