Кыргызстандыктар Орто Урал элдеринин күнүнө арналган иш-чараларга катышты
2023-жылдын 27-августунда Екатеринбург шаарында Орто Урал элдеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар өтүп, ага аймакта жашаган кыргызстандык мекендештер жана Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу катышты.
Мекендештер кооздолгон боз үйдү тигүү менен кыргызстандыктырдын маданият бурчун уюштурушту. Иш-чаранын катышуучулары жана коноктору чоң кызыгуу менен анын жасалгасы, көчмөн кыргыз элинин маданияты, каада-салты менен таанышып, улуттук тамактардан, суусундуктардан даам татышты.
Салтанаттуу иш-чараларга Кыргызстандын Башкы консулу Руслан Бийбосунов катышып, кыргызстандыктардын маданият бурчунда болуп, мекендештерди Орто Урал элдеринин күнү, ошондой эле келе жаткан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Маалымат үчүн: Орто Урал элдеринин күнү - Свердлов облусунун бүткүл россиялык жарандык биримдикти калыптандырууга багытталган мамлекеттик улуттук саясатты ишке ашыруудагы башкы иш-чара болуп эсептелет. Иш-чарага Свердлов облусунун жана Екатеринбург шаарынын башчылары, аймактын бийлик органдарынын, улуттук маданий бирикмелердин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ардактуу конок катары чет элдик консулдук мекемелердин жетекчилери катышты.