Екатеринбургдун 300 жылдыгын майрамдоонун алкагында Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара өттү

102

Екатеринбург шаарынын 300 жылдыгына карата Биринчи эл аралык "Красная строка" китеп фестивалы өткөрүлдү.

2023-жылдын 26-августунда аталган фестивалдын алкагында Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арнап, Екатеринбургдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу, Шаардык китепкана борбору жана мекендештер менен биргеликте жазуучунун китептерин жана чыгармаларын тартуулашты.

Уралдын борборунунун жашоочуларына жана конокторуна Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы, эмгектери тууралуу, ошондой эле анын Екатеринбург шаары менен байланышы, анын бул шаарга бир нече жолу келип, Жазуучулар союзунун слетуна катышып, өзүнүн 60 жылдык мааракесин белгилегендиги жөнүндө айтып беришти. Мындан тышкары орусиялык белгилүү журналист жана тарыхчы О.Фочкин шаардыктарга Ч.Айматовдон алган акыркы маеги тууралуу айтып берди.

Кыргызстандыктардын аткаруусундагы "Саманчынын жолу" чыгармасындагы Толгонайдын монологу жана Майсалбектин каты, ошондой эле жазуучуга арналган автордук ырлар иш чаранын катышуучуларынын өзгөчө кызыгуусун жаратты.   

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK