Башкы консулдуктун кызматкерлери Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борборуна барышты

64

2023-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү иштеринин алкагында, Башкы консулдуктун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу (мындан ары - Борбор) жайына барышты.

Башкы консулдуктун кызматкерлери мекендештер менен жолугушуу өткөрүшүп, келген өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузбоо тууралуу түшүндүрмөлөрдү беришип, жолго чыгуу документтерди тариздөө боюнча иштерин жүргүзүшүп, жарандарды кызыктырган суроолорго жооп беришти. Үч жаранга мекенге кайтууга күбөлүктөр таризделип берилди. 

Маалымат үчүн: Учурда Россия Федерациясынын аймагынан административдик чыгаруу боюнча соттун чечимдеринин күчүнө киришин күтүп, Орусиянын ИИМнин Екатеринбург шаарынын Борборунда Кыргыз Республикасынын 13 жараны кармалууда.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK