Оор турмуштук жагдайга кабылган Кыргызстандын жараны Екатеринбургдан мекенине кайтарылды

88

2023-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун жана мекендештердин көмөгү менен турмуштук оор жагдайга кабылып, туугандары тарабынан изделген 1973-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.Т., мекенине кайтарылды.

Башкы консулдук А.Т.ны Кыргыз Республикасына кайтаруу үчүн керектүү документтерди тез арада даярдап берди, ал эми мекендештер аны аэропорттон узатышты.

Башкы консулдук жана А.Т.нын жакындары издөөгө жана мекенине кайтарууга катышкан бардык кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдирешет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK