Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри менен жолугушту

99

2023-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Вячеслав Ярин менен жолукту.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын жана анын аймактарынын Свердлов облусу менен түз байланыштары жигердүү өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен белгилешти. Кызматташуунун актуалдуу маселелерин, жакынкы келечектеги пландарды талкуулап, экономикалык, ишкердик жана гуманитардык тармактарга өзгөчө көңүл бурушту.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын жана Свердлов облусунун өкмөттөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү тууралуу пикир алмашышты.

Тараптар Свердлов облусунан Кыргызстанга курамына саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарынын жана бизнес өкүлдөрү кирген делегациянын сапарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK