Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин кезектеги жыйыны жана «Мекендештер» форуму тууралуу мекендештерге маалымат берүү боюнча иш алып барууда

149

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу 2023-жылдын 14-15-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин кезектеги жыйынын жана «Мекендештер» форумун өткөрүү пландаштырылып жаткандыгын билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 9-августундагы № 186 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Кеңештин курамына мүчө болуп кирген мекендештер Кеңештин кезектеги жыйынына катышат.

«Мекендештер» форумуна Кыргыз Республикасынын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошууну каалаган жана миграция маселелер жаатында иш алып барган мекендештер чакырылат.

Бул иш-чараларга катышуу үчүн мекендештер төмөнкү шилтеме аркылуу катталуусу керек: https://forms.gle/spTmb2Vg4R4LMCJMA

Каттоодон 2023-жылдын 15-октябрына чейин өтүү зарылдыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз. 2023-жылдын 15-октябрынан кийин катталган мекендештер катышуучулардын тизмесине кирбей турганын билдиребиз.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кеңештин бардык мүчөлөрү жогорудагы шилтеме аркылуу каттоодон сөзсүз өтүшү керектигин белгилейбиз.

«Мекендештер» форумуна катышуу үчүн белгиленген тартипте каттоодон өткөн мекендештерди Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугун төмөнкү электрондук дарек аркылуу кошумча билдирүүнү суранабыз: genconkr-ekb@mail.ru.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK