Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун Свердлов облусунда жашап жана ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышкан кыргыз диаспораларынын лидерлери жана аксакалдары менен жолугушуусу жөнүндө
Россия Федерациясынын Урал федералдык аймагында жана Пермь аймагында жүргөн мекендештерге Кыргызстанда боло турган төмөнкү иш-чаралар тууралуу маалымат берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин кезектеги отуруму, «Мекендештер» Форуму (2023-жылдын 14-15-ноябры, Бишкек ш.) жана Элдик Курултай (2023-жылдын 15-декабры, Бишкек ш.) тууралуу, 2023-жылдын 23-сентябрында Уралдын борборунда Россия Федерациясынын Свердлов облусунда жашап жана ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышкан кыргыз диаспораларынын жетекчилери жана аксакалдары менен Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы консулдук жогорудагы иш-чараларга катышуучуларды, анын ичинде Элдик Курултайга делегаттыкка талапкерлерди өз убагында каттоо зарылчылыгы тууралуу маалымат берди (https://mfa.gov.kg/kg/dm/pkr-v-rf/news/25462 (кыргыз тилинде) и https://mfa.gov.kg/ru/dm/pkr-v-rf/news/25462 (орус тилинде)).