Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулунун дипломатиялык миссиясы аяктады

103

Руслан Бийбосунов Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу катары дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Свердлов облусунун губернаторунун орун басары Василий Козлов, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Харлов, Екатеринбург шаарынын башчысы Алексей Орлов, Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Вячеслав Ярин, ошондой эле аймактагы кыргыз диаспоралык уюмдардын жетекчилери, аксакалдары жана башкалар менен жолугушууларды өткөрдү.

Маектештер Р.Бийбосуновдун жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдиришти, анын активдүү катышуусу менен Свердлов облусу менен Кыргызстандын жана анын аймактары менен экономикалык, ишкердик жана гуманитардык байланыштары байкаларлык активдешкенин, экономикалык, маданий, билим берүү, туризм жана башка тармактарда бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылганын, өз ара соода жүгүртүү өскөнүн жана Уралдан Кыргызстанга туристтердин агымы көбөйгөнүн белгилешти.

Свердлов облусунун губернаторунун орун басары В.Козлов кыргыз дипломатынын ишмердүүлүгү COVID-19 пандемиясы жана анын кесепеттери менен күрөшүү учурунун оор мезгилине туура келгенин белгиледи.

Шаар башчысы А.Орлов Екатеринбург менен Кыргызстандын муниципалитеттеринин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирип, Р.Бийбосуновго Уралдын борборунун 300 жылдыгына арналган медалды тапшырды.

Аксакалдар жана кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилери Р.Бийбосуновго мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жигердүү ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, анын мындан аркы дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалашты.

Р.Бийбосунов Свердлов облусунун жана Екатеринбург шаарынын жетекчилигине, бардык регионалдык бийлик органдарына жана Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнө кызматташуусу, Башкы консулдуктун ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө көмөктөшүүсү жана анын демилгелерин колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, ал эми жердештерине ийгилик жана бакубатчылык каалады.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK