Екатеринбургда Мамлекеттик тил күнү белгиленди

75

2023-жылдын 22-сентябрында Екатеринбург шаарында Мамлекеттик тил күнүнө жана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган чыгармачылык кече болуп өттү.

Иш-чарада Ч.Айтматовдун жана башка кыргыз жазуучуларынын чыгармаларынан үзүндүлөр, мамлекеттик тилге, Мекенге арналган күүлөр, ырлар Уралдын борборунда жашап, эмгектенген мекендештердин аткаруусунда жаңырды. Мындан сырткары кечеде поэзия сүйүүчүлөрү өздөрүнүн автордук ырларын аткарышты.

Башкы консулдук өзгөчө ийгиликтерге жетишкен мекендештерге ыраазычылык каттарын тапшырып, жаштар арасында эне тилди сактоонун жана урматтоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу «Кайрыктар казынасы» коомдук бирикмеси жана «Екатеринбург» китепкана борборунун колдоосу менен Свердлов районундагы коомдук диаспоралык уюмдардын лидерлеринин, жаш таланттардын жана студенттердин катышуусунда өткөрдү.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK