Башкы консулдуктун кызматкерлери Екатеринбург шаарынын ИИМнин Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайына барышты

64

2023-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россия Федерациянын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаары боюнча Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына (мындан ары - Борбор) барышты.

Борборго болгон сапардын алкагында Башкы консулдуктун кызматкерлери кармалган Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрүп, аларга мекенге кайтууну тездетүү үчүн документтерди тариздөө боюнча түшүндүрмөлөрдү жана аларды кызыктырган суроолорго жоопторду беришти.

Ошондой эле мекендештерди Кыргызстанга жөнөтүү процессин тездетүү максатында Борбордун жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүлдү.

Маалымат үчүн: Учурда Борбордо Россия Федерациясынын аймагынан административдик жол менен чыгаруу боюнча соттун чечимдеринин мыйзамдуу күчүнө киришин күтүп, Кыргыз Республикасынын 12 жараны кармалууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK