Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 20-январындагы билдирүүсү

Укук коргоо органдары тарабынан 2024-жылдын 17-январында Екатеринбург шаарында жүргүзүлгөн рейддерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан жергиликтүү полиция органдарына, Екатеринбург шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга жана курулуш объектилерине консулдук баруу жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында Екатеринбургдагы үч курулуш объектисинде 150 чет элдиктин ичинен Кыргызстандын 40 жаранынын документтерин текшерүү фактысы аныкталды. Кыргызстандын жарандары тарабынан миграциялык мыйзам бузуулар аныкталган эмес жана аларга карата Россия Федерациясынын аймагынан административдик түрдө чыгаруу боюнча чечим кабыл алынган эмес.

Рейд болгон жерден массалык маалымат каражаттарына тараган кадрларда Кыргызстандын үч жараны тартылган. Биздин жарандардын айтымында, текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн жарандары качып, укук коргоо кызматкерлеринен жашынууга аракет кылышкан. Ушуга байланыштуу полиция тарабынан качкан чет элдик жарандарды кармоо, ошондой эле текшерилип жаткандардын эркин жүрүүсүнө чектөө чаралары көрүлгөн.

Кыргызстандын жарандары укук коргоо органдарынын аракеттерине каршы жазуу жүзүндөгү арыздан баш тартышты.

Ошол эле учурда Башкы консулдук Екатеринбург шаарынын укук коргоо органдары тарабынан эмгек ишмердүүлүгү менен алектенген жарандардын кадыр-баркына шек келтирген мындай ыкмаларды колдонуунун мыйзамдуулугун Россия Федерациясынын көзөмөл органы тарабынан текшерүүнү уюштуруу боюнча чараларды көрүүдө.

Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Мерзлякова менен консультациялар жүргүзүлүп, ал укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн рейд боюнча текшерүүнү уюштурууга даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул факты боюнча Россия Федерациясынын федералдык органдарынын деңгээлинде териштирүү жүргүзүүнү демилгелейт, анын ичинде келечекте эмгектик иш-аракетин жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына карата Россияда ушундай аракеттерге жол бербөө максатында.