Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 8-февралындагы маалыматтык билдирүүсү

Массалык маалымат каражаттарында жарыяланган "Екатеринбург шаарында Кыргызстандык жарандын баласын ооруканада калтырып, өзүн депортация кылган" маалымат тууралуу, Министрлик төмөнкүнү билдирет.

2024-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун Консулу жашы жете элек Кыргызстандык бала жаткан Свердлов облустук балдар клиникалык ооруканасына барган. Оорукананын жетекчилигинин маалыматына ылайык, баланын абалы "туруктуу" деп бааланууда жана анын даарылануусу февраль айынын аягына чейин уланат.

Дипломаттар баланын ата-энеси менен сүйлөшүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында баланын анадан аркы даарылануусу Екатеринбург шаарында улантылаары боюнча чечим кабыл алынганы белгилүү болгон.

Ошол эле учурда, баланын энесин Россия Федерациясына киргизбөө боюнча чечим ага белгилүү себептерге байланыштуу кабыл алынгандыктан, аны Россия Федерациясынан депортация кылган деген маалымат чындыка дал келбейт.

Баланын үй-бүлөсү бул маселе боюнча маалыматты мындан ары массалык маалымат каражаттарында таратпоону суранат.

Жогорудагы маселе Министрлик жана Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун көзөмөлүндө.