Екатеринбург шаарында Кыргызстандын Мамлекеттик туусу жана Ак калпак күндөрү белгиленди

105

Үстүбүздөгү жылдын 5-мартында өлкөнүн Мамлекеттик туу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун имаратында Кыргызстандын жаңыланган желеги орнотулду. 

Ошондой эле ушул күнү Уралдын борборунда Башкы консулдуктун кызматкерлеринин, Россия Федерациясынын Свердлов облусунда жашаган мекендештердин, кыргыз диаспора уюмдарынын өкүлдөрүнүн, аксакалдардын, активисттердин катышуусунда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. 

Дипломаттар мекендештерди майрамдары менен куттуктап, ар бир кыргызстандык үчүн мамлекеттик символикаларды жана улуттук баш кийимди сактоонун маанилүүлүгүн белгилешип, аларды кылдаттык менен сактоого жана кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүү боюнча чараларды көрүүгө чакырышты. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK