Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 11-мартындагы маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2024-жылдын 3-мартында АКШнын Филадельфия шаарындагы болгон жол кырсыгында Кыргызстандын эки жаранынын өлүмүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Элчилиги жана АКШдагы кыргыз диаспорасы менен биргеликте каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тиешелүү иштер ыкчам түрдө уюштурулганын билдирет. 

“Жүк-200” Кыргызстанга 2024-жылдын 8-мартында эртең менен,"Манас" эл аралык аэропортуна жеткирилген.