Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 4-мартындагы маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги америкалык тарап менен жетишилген макулдашууларга ылайык, 2024-жылдын 4-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги АКШ жарандары үчүн 10 жылга чейинки мөөнөткө туристтик жана ишкердик категориядагы визаларды тариздөөгө киришип баштады.

Өз кезегинде, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги көрсөтүлгөн күндөн тартып Кыргыз Республикасынын жарандарына ушул сыяктуу туристтик жана ишкердик визаларды 10 жылга чейинки мөөнөткө тариздейт.

Аталган визалар үчүн консулдук жыйымдардын унификацияланган 185 АКШ доллары өлчөмүндөгү тарифтери алынат.

Министрлик визалардын аталган категориялары Кыргыз Республикасына жана Америка Кошмо Штаттарына баруу үчүн 180 күнгө чейин үзгүлтүксүз болуу мөөнөтү менен, ушундай мөөнөт аяктагандан кийин кайра кирүү укугу менен берилерин эскертет.