Башкы консулдуктун кызматкерлери Екатеринбург шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга барышты

72

Кыргызстандын жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында, 2024-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаары боюнча Башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына (мындан ары - Борбор) барышты.

Борборго болгон иш сапардын алкагында Башкы консулдуктун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрүп, Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын сакталышы, Кыргызстанга кайтуу үчүн документтерин тариздөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларды кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Азыркы убакытта Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаары боюнча Башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайында Кыргыз Республикасынын 27 жараны Россия Федерациясынын аймагынан административдик чыгаруу боюнча соттун чечимдеринин күчүнө киришин күтүүдө.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK