Башкы консулдуктун 2024-жылдын 19-марттагы маалымат билдирүүсү

67

Урматтуу мекендештер!

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 26-декабрындагы «2024-жылы дем алыш күндөрдү жылдыруу жөнүндө» токтомуна ылайык, 21-марттан 24-мартка чейин Кыргызстанда жумуш эмес күндөрү болуп белгиленген.

Ушуга байланыштуу 2024-жылдын 21-мартынан 24-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу жарандарды кабыл алуу жүргүзбөй тургандыгын билдиребиз.

Ошол эле учурда Башкы консулдукта тез арада юридикалык жана консулдук жардамды талап кылган оор кырдаалга туш болгон мекендештердин кайрылууларына ыкчам жооп берүү үчүн ишеним телефону иштейт: + 7 (991) 199-35-95.

Жогорудагыларды эске алуу менен бирге, Башкы консулдукка келүүнү башка иш күндөрүнө пландаштырууну өтүнөбүз.

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу мекендештерди Нооруз майрамы менен куттуктайт!

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK