Россия Федерациясынын Свердлов облусунун профсоюздар федерациясынын жетекчилиги менен жолугушуу

89

2024-жылдын 21-мартында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулунун м.а. Гульнура Нарматова Россия Федерациясынын Свердлов облусунун профсоюздар федерациясынын төрагасы Андрей Ветлужских менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Профсоюздар федерацияларынын ортосундагы мындан аркы өз ара аракеттенүү, ошондой эле Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан курорттук-рекреациялык объектилерде аймактын ишканаларынын кызматкерлеринин жыл бою эс алуусун жана ден соолугун чыңдоосун уюштуруу жана Кыргызстандагы туристтик жайларга инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн кароо боюнча маселелерди талкуулашты.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, дипломат облустун Профсоюздар федерациясынын өкүлдөрүн үстүбүздөгү жылдын 29-30-мартында Екатеринбургда өтө турган «ЖАЙ-2024» Эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын туристтик жана курорттук-рекреациялык потенциалынын презентациясына катышууга чакырды.

Өз кезегинде Андрей Ветлужских кыргыз тарап менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин маалымдап, Кыргызстандын жогоруда аталган презентациясына тармактык профсоюздардын өкүлдөрүнүн катышуусуна көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK