Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 25-мартындагы маалыматтык билдирүүсү

63

2024-жылдын 22 мартында Москва шаарындагы "Крокус сити холл" концерттик залында көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген террористтик актка жана Россиянын баардык аймактарында коопсуздук жана антитеррордук коргонуу чаралары күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу, Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү сунуштайт:

- Россия Федерациясына барууга жүйөлүү негизи жок жарандардын кошумча коопсуздук иш чаралары жана мамлекеттик чек арадан өткөрүүдө күчөтүлгөн тартипти колдонуу режими токтотулган учурга чейин убактылуу Россиянын аймагына кирүүдөн баш тартуусу;

- өзүнүн  сапарын пландаштырып койгон жарандардын алдын ала Россия Федерациясына кирүүгө чектөө бар же жок экендигин Россиянын ИИМнин сайтынан (mvd.ru) алдын ала текшерүүсү;

- Россия Федерациясынын аймагында буга чейин эки же андан көп жолу административдик укук бузган жарандардын мамлекеттик чек арадан өтпөй калуусун жана андан улам келип чыккан кесепеттерди болтурбоо максатында Россиянын аймагына баруудан баш тартуусу;

- Россия Федерациясынын аймагында жүргөн жарандардын массалык элдер топтолгон жайларга баруудан баш тартуусу, жанында өздүгүн жана Россиянын аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн тастыктоочу документтерди алып жүрүүсү;

- Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан коомдук коопсуздукту камсыздоо иш чараларын жүргүзүү учурунда алардын мыйзамдуу талаптарын аткаруусу.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жарандар Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун ыкчам номери +7-991-199-35-95 жана Тышкы иштер министрликтин Консулдук департаментинин ыкчам номери +996 999 312 002 менен байланышуусу зарыл. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK