Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 31-мартындагы маалыматтык билдирүүсү

67

2024-жылдын 29-мартында Челябинск-Троицк унаа жолунун 93-чакырымында Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 1973-жылдын 28-сентябрында туулган Кыргызстандын жараны Ж.Г.М. алган жаракаттан улам ошол жерден каза болгон.
Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу каза болгон жарандын жакындары менен байланыш түзүп, тийиштүү консулдук-укуктук жардам көрсөттү. Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселеси иштелүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK