Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россия Федерациясынын Челябинск облусундагы түзөтүү мекемелеринде болушту

145

2024-жылдын 4-5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Федералдык Жазаларды аткаруу кызматынын Башкы башкармалыгынын Челябинск облусундагы түзөтүү мекемелерине барып келишти.

Учурда Россия Федерациясынын Челябинск облусундагы түзөтүү мекемелеринде Россиянын аймагында ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон 70тен ашык Кыргыз Республикасынын жараны жазасын өтөп жатышат.

Мекендештер менен болгон жолугушууларда консулдук кызматкерлер жазаны андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына которуунун жол-жоболору, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маалыматтарды берип, Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет мамлекеттин аймагындагы согуштук аракеттерге катышуусунун мыйзамсыздыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү жана ошондой эле аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Кыргызстандыктар менен баарлашуусунан кийин, Башкы консулдуктун кызматкерлери түзөтүү мекемелердин жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда кармоонун шарттары боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын өтүнүчтөрүн жеткизип, Кыргызстанга экстрадициялоону каалагандар үчүн тийиштүү документтерди топтоого жана Россиянын Федералдык Жазаларды аткаруу кызматынын Башкы башкармалыгына жөнөтүүнү тездетүүнү өтүнүштү.    

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK