Урал Туризм Ассоциациясынын президенти жана кыргыз туристтик «Инфо Сервис» компаниясынын директору менен жолугушуу тууралуу

150

2024-жылдын 18-апрелинде Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулунун м.а. Гульнура Нарматова Урал туризм ассоциациясынын президенти Михаил Мальцев жана Кыргызстандын «Инфо Сервис» туристтик компаниясынын директору Бектур Абдраев менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө туризм тармагында мындан аркы кызматташуу, жаңы туристтик багыттарды ачуу, кыргыз делегациясынын 2024-жылдын 17-майында Екатеринбург шаарында өтө турган «ЖАЙ-2024» Эл аралык туристтик көргөзмөгө катышуусу, ошондой эле россиялык туристтерди Кыргызстанга тартууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK