Екатеринбургда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары кыргызстандыктар менен жолугушту

128

2024-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Сеидбек Атамбаев жана Дастан Бекешев Россия Федерациясынын Свердлов облусундагы кыргыз диаспоралык уюмдардын жетекчилери, аксакалдар жана активисттер менен жолугушуу өткөрүштү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында жүрүүсү, эмгек мамилелерин укуктук каттоо, медициналык текшерүү жана манжа изин каттоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Россияга иштөө үчүн келүүнү көздөгөн жарандарды Кыргызстандан чыгаар алдында даярдоо, ошондой эле миграциялык мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошону менен бирге катышуучулар Кыргызстанда мекенине кайтып келген мекендештерди жумуш менен камсыз кылуу үчүн жумуш орундарын түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алышты. Депутаттар жолугушууда көтөрүлгөн актуалдуу маселелер парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасындагы кесиптештери менен талкууланаарын ишендиришти. 

Эл өкүлдөрү орус тарабынын чакыруусу менен Уралдын борборуна XIV Евразиялык экономикалык жаштар форумуна катышуу үчүн келишти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK