Екатеринбургдагы “ОЗОН” бөлүштүрүү борборунун жетекчилиги менен жолугушуу тууралуу

337

2024-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экономикалык дипломатия боюнча Иш-чаралар планын жылдыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулунун м.а. Гульнура Нарматова “ОЗОН” бөлүштүрүү борборунун директору менен жолукту.

Жолугушууда кыргызстандык ишкерлер менен кызматташуу, “ОЗОН” маркетплейсинде каттоо аркылуу ата мекендик продукцияны сатуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын жумушка алуу тартиби боюнча маселелер талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK