Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Б.Салимжановдун Урал бажы башкармалыгынын жетекчиси А.Фролов менен жолугушуусу тууралуу пресс-релиз

5080

2019-жылдын 12-августунда Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы Өкүлчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Б.Салимжановдун Урал бажы башкармалыгынын жетекчиси А.Фролов менен жолугушуусу болуп өттү.

         Жолугушуу тараптардын бажы тармагындагы өз ара мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги боюнча суроолорду талкуулоо максатында уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө Б. Салимжанов Россия Федерациясынын Урал федералдык аймагынын бажы бөлүмдөрүндө учурда кармалып турган кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн тикме товарларын текшерүү иш-чарасын өткөрүүнү тездетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү. 

         А. Фролов чет өлкөлүк товарлардын, анын ичинде кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн тикме буюмдарын Урал бажы кызматынын текшерүүсү аркылуу тоскоолдуксуз өтүүнүн негизги шарттары тууралуу маалымат берди.

         Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун максаттарын  эффективдүү өз ара пайдалуу нукта ишке ашырууга  багыт алуу тууралуу макулдашышты.  

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK