«Литературный Кыргызстан» журналынын бет ачары тууралуу

3448

2019-жылдын 18-сентябрында «Екатеринбург» китепкана борборунда Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган, «Литературный Кыргызстан» журналынын бет ачары болуп ѳттү.

Иш чарага Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы саясат министрлигинин, Россия Федерацисынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы Өкүлчүлүгүнүн, Свердлов облустук Жазуучулар союзунун, бир катар китепканалардын, ар кайсы улуттук диаспора уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Екатеринбург шаарынын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясы, студенттер катышты.

«Литературный Кыргызстан» журналынын 2-санына Ч. Айтматовдун 90-жылдыгына карата ѳткѳрүлгѳн иш-чараларга активдүү катышкан, белгилүү урал акыны Александр Кердандын  тандалган ырлары чыгарылган.

А. Кердан 60тан ашуун ырлар жана кара сѳз түрүндѳ жазылган китептердин автору.  Россиянын Жогорку адабий сыйлыгынын лауреаты, РФнын маданият тармагына эмгек сиңирген ишмери. Россиянын жазуучулар союзунун тең тѳрагасы, Урал жазуучулар Бирикмесинин координатору. А.Кердандын ырлары англис, итальян, немис, болгар, азербайжан, белорус, башкыр, коми, ханты жана башка тилдерге которулган. А. Кердандын Ч.Айтматовго арналган ырынын кыргыз тилиндеги котормосун УрФУнин студенти Калмурат кызы Турсунай бет ачарда тартуулады.     

Бет ачардын алкагында белгилүү жазуучу  жана акындардын, Свердлов облустук филармониясынын солисти Яна Чабандын, Урал федералдык университетинин студенттеринин аткаруулары уюштурулган.

         Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы саясат министрлигинин ѳкүлү Олег Александрин «Литературный Кыргызстан» журналы менен кызматташууну ѳрчүтүүгѳ, кыргыз жана урал жазуучуларынын биргелешкен жыйнагын чыгарууга Свердлов облусунун Ѳкмѳтү тарабынан кѳмѳк кѳрсѳтүлѳѳрүн белгилеп ѳттү.

         А.Титов, Ю.Бриль жана башка Свердлов облусунун белгилүү жазуучулары мындай акциялар Кыргызстан менен Россия элинин маданий жана руханий тараптан жакындашуусуна ѳбѳлгѳ түзѳѳрүн белгилешти. 

  • 2019-жылдын 18-сентябрында «Екатеринбург» китепкана борборунда Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган, «Литературный Кыргызстан» журналынын бет ачары болуп ѳттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK