Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Р. Бийбосуновдун Свердлов облусунда жашаган мекендештер менен алгачкы жолугушуусу тууралуу

4095

Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында «Екатеринбург» китепкана борборунда жаңы дайындалган Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Свердлов облусунда жашаган мекендештер менен таанышуу ирээтинде жана КРнын жарандарынын укуктук абалы тууралуу, алардын кѳйгѳйлүү сруоолорун чечүү боюнча пикир алмашуу максатында алгачкы жолугушуусу болуп ѳттү.

         Жолугушууга «Кыргызстан-Урал», «Кыргызстан биримдиги», «Бүткүл Россиялык Кыргыз Конгресси» кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилери, КРнын Акыйкатчысынын Урал федералдык округу боюнча  ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү, ошондой эле Аксакалдар кеңешинин мүчѳлѳрү, бир катар активист мекендештер катышып, тегерек үстѳлдѳ маектешишти.

         Башкы консул, ѳз сѳзүндѳ, чет ѳлкѳдѳгү КРнын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин биринчи отуруму жана анын чечимдеринин ишке ашырылуусу тууралуу айтып ѳттү.   

         Р. Бийбосунов кыргыз-орус мамлекеттер аралык мамилелеринин активдүү ѳнүгүшү тууралуу жана келээрки 2020-жылы ѳткѳрүлчү биргелешкен иш-чаралар жѳнүндѳ кыскача маалымат берди.

         Диаспора уюмдарынын жетекчилери Р. Бийбосуновду кызматка дайындалышы менен куттукташып, жооптуу ишине ийгилик каалоо менен бирге Башкы консулдук менен тыгыз байланышта ѳз ара кызматташууга даяр экендигин билдиришип, мекедештердин ичинде жүргүзүлүп жаткан иштери, аларды кызыктырган суроолор боюнча маектешип, бир катар конструктивдүү сунуштарды киргизишти.

  • Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Р. Бийбосуновдун  Свердлов облусунда жашаган мекендештер менен алгачкы жолугушуусу тууралуу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK