2019-жылдын 2-ноябрында Екатеринбург шаарынын №149 жалпы билим берүү мектебинде аталган окуу-жайдын 40 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чара ѳткѳрүлдү.

3204

2019-жылдын  2-ноябрында Екатеринбург шаарынын №149 жалпы билим берүү мектебинде аталган окуу-жайдын 40 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чара ѳткѳрүлдү. Иш-чарага Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун кызматкерлери, КРнын Ѳкмѳтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы Ѳкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Жаркынай Галиева, «Кыргызстан-Урал» Свердлов облустук  коомдук уюмунун тѳрайымы  Гульшан Долонбаева катышышты.

Мектептин мүдүрү Евгений Сергунин ѳз сѳзүндѳ окуу-жайдын жетишкендиктери жана ѳзгѳчѳлүктѳрү тууралуу кыскача маалымат берип, аталган билим берүү мекемеси кѳп улуттуулугу менен айырмалангандыгын, курамы 19 улуттун ѳкүлдѳрүнѳн туруп, учурда 680 окуучу билим алып жаткандыгын, алардын 35% кыргыз улутундагы  балдар экендигин белгилеп ѳттү.

Консул Нурлан Алымбеков мектептин жамаатын мааракелик майрамы менен куттуктап, мындай иш-чаралардын улуттар аралык ынтымакты бекемдѳѳ үчүн маанилүү экендигин белгилеп, мугалимдердин ѳсүп келе жаткан муунду тарбиялоо ишине арналган кѳп жылдык эмгегине ыраазычылык билдирүү ирээтинде Башкы консулдуктун ыраазычылык катын жана кыргыз улуттук сувенирин белек катары мектептин жетекчилигине тапшырды.

Иш-чаранын алкагында окуучулардын күчү менен даярдалган концерт уюштурулган, ошондой эле окуу-жайдын тарыхы жѳнүндѳ «Весёлая переменка» аттуу мектеп гезитинин мааракелик номуру чыгарылган.

Иш-чара майрамдык жылуу маанайда ѳттү.

          

 

  • 2019-жылдын  2-ноябрында Екатеринбург шаарынын №149 жалпы билим берүү мектебинде аталган окуу-жайдын 40 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чара ѳткѳрүлдү.
  • 2019-жылдын  2-ноябрында Екатеринбург шаарынын №149 жалпы билим берүү мектебинде аталган окуу-жайдын 40 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чара ѳткѳрүлдү.
  • 2019-жылдын  2-ноябрында Екатеринбург шаарынын №149 жалпы билим берүү мектебинде аталган окуу-жайдын 40 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чара ѳткѳрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK