Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Челябинск шаарына болгон иш сапары тууралуу

4190

Россия Федерациясынын Челябинск облусунун жетекчилигинин чакыруусу боюнча Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Руслан Бийбосунов 2019-жылдын 11-декабрында Челябинск шаарында болду.

Иш сапардын жүрүшүндѳ Р. Бийбосунов «IV Урал региондор аралык энергетикалык форумуна», Челябинск облусунун Губернатору Алексей Текслердин атынан чет ѳлкѳлүк дипломаттык жана консулдук мекемелеринин башчылары үчүн Жаңы 2020-жылга карата уюштурулган майрамдык кечесине катышып, аталган аймакта иштеп жүргѳн мекендештер менен жолугушуп, «Улуттар биримдиги борборунда» болду.

Челябинск облусунун Губернатору Алексей Текслер менен болгон кыскача жолугушуусунда  Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы 2020-кайчылаш жылына даярдык кѳрүү тууралуу маектешип, тараптар региондор аралык кызматташуунун актуалдуу темаларын талкуулоо максатында келээрки жылы расмий жолугушуу  ѳткѳрүү жѳнүндѳ макулдашышты.

Салтанаттуу кеченин жүрүшүндѳ Руслан Бийбосунов Челябинск шаарынын администрациясынын башчысы Наталья Котова менен КРнын жарандарынын аталган шаарда жүрүүсүнѳ байланыштуу суроолорду талкуулап, облустун экономикалык ѳнүктүрүү, айыл-чарба, маалымат технологиялар жана байланыш министрликтеринин жетекчилери менен  профилдик кызматташуу тууралуу маектешти.

Мекендештер менен болгон жолугушууда Башкы консул ѳлкѳнүн жетекчилиги жана ѳкмѳт тараптан миграциялык багытта жүргүзүлүп жаткан саясаты жѳнүндѳ, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Чет ѳлкѳдѳгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңешинин түзүлгѳндүгү жана анын биринчи отуруму, «Мекен-карт» долбоору жѳнүндѳ баяндап, кѳптѳгѳн консулдук-укуктук суроолорго жооп берди. Эмгек мигранттарынын мыйзамдуу иштѳѳ жолдору, алардын эмгектик жана социалдык укуктарын коргоо жѳнүндѳ, консулдук кызмат кѳрсѳтүүнүн жаңы ыкмалары, анын ичинде алыстан жана акысыз негизде консулдук каттого туруу боюнча маалымат берди.

Жолугушууга кыргызстандык студенттер дагы активдүү катышышты.   

  • Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун  Челябинск шаарына болгон иш сапары тууралуу
  • Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун  Челябинск шаарына болгон иш сапары тууралуу
  • Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун  Челябинск шаарына болгон иш сапары тууралуу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK