Чынгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган конференция тууралуу

6112

2018-жылдын 30-ноябрында «Екатеринбург» китепкана борборунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган конференция болуп ѳттү.

Конференцияда Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы Ѳкүлчүлүгүнүн, Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин, «Кыргызстан-Урал» кыргыз диаспорасынын ѳкүлдѳрү, Кыргызстандык студенттер жана облустун чыгармачыл интеллигенциясы катышышты.

Алгач, Б. Салимжанов саламдашып, ѳз сѳзүндѳ Свердлов облусунун Ѳкмѳтүнѳ залкар жазуучунун мааракесине карата ѳткѳрүлгѳн иш-чараларга колдоо кѳрсѳткѳндүгү жана активдүү катышкандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирип ѳттү.

Иш-чаранын алкагында Ч. Айтматовдун ѳмүрүнѳ жана чыгармачылыгына арналган «Гражданин земного шара» даректүү тасмасы жана Россиянын эл артисти Т. Воронинанын, Свердлов облустук филармониясынын солисти Я. Чабандын ж.б. артисттердин аткаруусунда «Кылым карытаар бир күн» чыгармасы боюнча кыскача спектакль кѳрсѳтүлдү.

Конференциянын соңунда Б. Салимжанов Свердлов облусунун бир катар китепканаларына, анын ичинде «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы уламыш жана жомоктор» аттуу Брайль шрифти менен китепти жарыкка чыгаргандыгы үчүн Свердлов облустук атайын китепканасына жазуучунун чыгармаларынын толук жыйнагын белек катары тапшырды.

Андан тышкары, Ч. Айтматовдун ѳмүр-чыгармачылыгына арналган мыкты чыгарма үчүн конкурсунун жеңүүчүлѳрүнѳ Башкы консулдуктун байгелери, грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Конференциянын алкагында, жазуучу тууралуу сүрѳт-китеп жана кыргыз кол ѳнѳрчүлүгүнүн кѳргѳзмѳсү уюштурулду.

Конференция жылуу лирикалык маанайда ѳттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK