2020-жылдын 15-сентябрындагы пресс-релизы

2718

2020-жылдын 4-октябрында болотурган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, мекендештерге өз шайлоо укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында, Башкы консулдуктун кызматкерлери 2020-жылдын 15-сентябрында Екатеринбург шаарындагы "Монетка" соода тармагынын бөлүштүрүү борборуна барып, Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук каттоого тургузуу жана биометрикалык маалыматтарын чогултуу иштерин аткарышты.

Мекендештер менен жолугушуу учурунда, Башкы консулдуктун кызматкерлери алдыдагы парламенттик шайлоо, чет өлкөлөрдө жашаган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү үчүн автоматташтырылган маалымат тутумун пайданалуу тууралу маалымат беришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK