Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январы

3304

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Сиздердин шайлоо укуктарыңызды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун алдында (№ 9009 УШК) шайлоо участогу түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, биометрикалык каттоодон өткөн жана Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда консулдук каттоодо турган жарандар тиешелүү участоктогу шайлоочулардын тизмесине кошулат.

Буга байланыштуу, шайлоочулар www.tizme.gov.kg сайтына жайгаштырылган шайлоо участкаларынын тизмесинен же Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун имаратында илинген алдын ала тизмеден өздөрүн тактап алысуу керек (дареги: Екатеринбург шаары, Щорс кѳчѳсү, 54а, 5-кеңсе). Сурап-билүү үчүн телефондор:+7 (343) 227-39-39, 223-68-15.   

Эгер кандайдыр бир ката, так эместик табылса же шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, 2020-жылдын 29-декабрына чейин Башкы консулдукка арыз менен кайрылуусу зарыл.

Консулдук жана биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Башкы консулдукка иш күндөрү саат 9:00 – 18:00 чейин шайлоого катышуу үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар.

Кыргыз Республикасынын жараны өзү менен кошо өздүгүн тастыктаган документтерди (жалпы жарандык, улуттук паспорт же ID-карта) алып келүүсү шарт.

Шайлоо участогунда жарандарды биометрикалык каттоого алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Арыз түшкөн учурда Башкы консулдук шайлоочуну убактылуу консулдук каттоого турган адам катары каттайт. Мындай каттоо шайлоочу арызында көрсөткөн мөөнөткө шайкеш болот. Ошентип, арыз берген жаран өзү белгилеген убактылуу консулдук каттоо мөөнөтү аягына чыккандан кийин автоматташтырылган система ушул жаранды Башкы консулдуктагы каттоодон чыгарып салышы ыктымал. Ошол себептүү жаран азыркы тапта кайра түзүлуп жаткан шайлоочулардын тизмесине кирбей калышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу шайлоочу өзүн шайлоочулардын тизмесинен 2020-жылдын 29-декабрына чейин кайра тактап алышын өтүнөбүз.

Консулдук каттоого туруу акысыз жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK