Министр В.Козлов Башкы консулдукта болду

2453

Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри, кыргыз-свердловск өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагасы Василий Козлов 2020-жылдын 15-декабрында, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугуна келип, консулдук мекеменин кызматкерлерин келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады.

Баарлашуунун жүрүшүндө Башкы консул Р.Бийбосунов жана Министр В.Козлов Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосундагы аймактар аралык байланыштарды, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, мурда пландаштырылган иш-чараларга, анын ичинде кезектеги Кыргыз-Россия аймактар ​​аралык конференциясына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Свердлов облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча комиссиянын отурумуна биргелешкен даярдыктарды улантуу зарылчылыгы жөнүндө пикир алмашуу орун алды. Ал эми уюштуруу маселелерин талкуулоо үчүн келээрки жылдын башында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты.

Р.Бийбосунов В.Козловго Кыргыз Республикасында болуп жаткан ички саясий процесстер жөнүндө маалымдап, анын Башкы консулдукка келиши жана жылуу куттуктоолору үчүн, Covid-19 пандемиясынын шартында өз ара жигердүү аракети үчүн ыраазычылыгын билдирди, ага бекем ден-соолук жана келе жаткан Жаңы жылда белгиленген пландарды ийгиликтүү ишке ашырууну каалады.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK