2021-жылдын 15-сентябрында ЮНЕСКОнун Башкы директору Одре АЗУЛЕГЕ Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОдогу Туруктуу Өкүлү Садык ШЕР-НИЯЗДЫН ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү

1745

ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасында 2021-жылдын 15-сентябрында ЮНЕСКОнун Башкы директору Одре АЗУЛЕГЕ Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОдогу Туруктуу Өкүлү Садык ШЕР-НИЯЗДЫН ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Маалымат үчүн: ЮНЕСКО - БУУнун билим берүү, илим жана маданият боюнча адистештирилген агенттиги 1945-жылдын 16-ноябрында түзүлгөн, учурда Уюмга 193 мамлекет мүчө.

Сүйлөшүү учурунда ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун ортосундагы өзгөчө мамилелер (2019-2023-жылдарга), ошондой эле кыргыз элинин маданий мурастарын дүйнөлүк аренада таанууда ЮНЕСКОнун чон ролу белгиленди. Кыргызстан коомду демократиялаштырууда, жарандык секторду чыңдоодо, демократиянын ченемдерин жана принциптерин эске алуу менен мыйзамдарды жаңыртууда жана маданий көп түрдүүлүктү коргоодо, ошондой эле акыркы жылдары Кыргыз Республикасында активдүү өнүгүп келе жаткан чыгармачыл индустрияны өнүктүрүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишти.

Маалымат үчүн: Кыргызстандан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдүү тизмесине төмөнкүлөр кирет: "Көк бөрү, кыргыз ат оюну" (2017), Айтыш, импровизация өнөрү (2015), боз үй жасоонун салттуу билими (2014), Кыргыз эпикалык үчилтиги: Манас, Семетей жана Сейтек (2013), Ала-кийиз жана Шырдак, кыргыздын салттуу кийиз килемдери (2012), Нооруз (2009), Акындар искусствосу, кыргыз эпосторунун манасчылары (2008).

Садык ШЕР-НИЯЗ Кыргыз Республикасы айлана чөйрөнү коргоонун жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун өзгөчө маанилүүлүгүн түшүнөрүн, глобалдык экологиялык коркунучтардын алдын алуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун ишине активдүү катышаарын жана эл аралык келишимдердин жоболорун аткаруу үчүн бардык чараларды көрөрүн айтты. Буга байланыштуу ал ушул жылдын ноябрь айында өтө турган ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын "Тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө" токтомун кабыл алуу боюнча сунуш киргизет.

ЮНЕСКОнун башкы директору Франциянын мурдагы маданият министри, Франциянын Улуттук кино жана анимация борборунун бөлүм башчысы жана мурдагы кесиптеши катары Кыргыз Республикасынын жаңы элчисинин маданиятта жана анын эл аралык коомдук ишмердигиндеги чоң тажрыйбасын белгилеп, келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүнү каалаарын билдирди.

ЮНЕСКОнун камкордугу астында жыл сайын өтүүчү биргелешкен Эл аралык кинофестивалды түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди, анын максаты - ЮНЕСКОнун идеалдарын жана миссиясын популяризациялоо жана жайылтуу, элдердин жана маданияттардын жакындашуусу, тарыхый жана дүйнөлүк мурастарды сактоо. ошондой эле элдик искусствосун өнүктүрүү, аларды сактоо жана маданияттын бардык чөйрөлөрүндө кызматташуунун жаңы багыттарын ачуу.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK