Кыргыз тили
Урматтуу мекендештер,
Кымбаттуу туугандар жана достор,
23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы Элчилиги “Дүйнө кыргыз тилинде сүйлөйт” аттуу флешмобду жарыялайт.
Флешмобго катышуу үчүн:
1) кыргыз тилинде ыр саптар окуп, видеого тартып;
2) видеону #дүйнөкыргызтилиндесүйлөйт деген хештеги менен социалдык тармактагы өздүк баракчаңызда жарыялап;
3) Элчилик тарабынан таркатуу максатында жарыяңызда Элчиликтин социалдык тармактардагы расмий баракчаларын белгилеңиз.
Флешмоб 2022-жылдын 23-сентябрына чейин өтөт.
Флешмобго активдүү катышууга чакырабыз!
Ушундай кадамдар менен бирге эчен кылым карыткан эне тилибизде сыйлык үчүн эмес, сыймыгыбыз үчүн сүйлөйлү, ардактайлы, өнүктүрөлү.
Келгиле, кыргызча сүйлөйлү!