Состоялась встреча Посла Кыргызстана во Франции Садык Шер-Нияза с Директором департамента международных отношений и правового обеспечения Министерства культуры Франции г-ном Янник Фауре

188

Ушул жылдын 22-июнунда Париж шаарында Франциянын Маданият министрлигинин имаратында Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз мырзанын Франциянын Маданият министрлигинин эл аралык мамилелер жана укуктук камсыздоо департаментинин директору Янник Фауре мырза жана Франциянын Маданият министрлигинин көп тараптуу кызматташтык департаментинин директору Метью Бертон мырза менен жолугушту.

Жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен маданият жаатындагы Кыргыз-Француз эки тараптуу кызматташтыгын активдештирүү максатында өткөрүлдү.

Элчи С.Шер-Нияз Бишкек шаарындагы Франко-Герман маданият институтунун ишинин башталышын канааттануу менен белгилеп, француз тарапка бул маданият институтун Бишкек шаарында уюштуруу чечими үчүн ыраазычылык билдирди. Франциянын маданиятты өнүктүрүүдөгү тажрыйбасын жана жетишкендиктерин эске алуу менен музей экспонаттарын жана байыркы экспонаттарды реставрациялоо жана сактоо маселелери боюнча тажрыйба алмашуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын музей кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн квота бөлүү жөнүндө кошумча сунуш киргизди.

Француз тарап музей кызматкерлери үчүн курстарды уюштуруу сунушун оң карап чыгып, Францияда тажрыйба алмашуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн "welcome professionals" программасы боюнча Кыргызстандын музей адистерин кабыл алууга даяр экендигин ишендирди.

Тараптар ошондой эле кинематография жаатында кызматташуу жаатында пикир алмашышты. Элчи Парижде Кыргыз киносунун жумалыгын жана Бишкек шаарында француз киносунун жумалыгын өткөрүү маселесин эки тараптуу карап чыгууну сунуш кылды.

Элчи C.Шер-Нияз келишимдик укуктук базаны кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасы менен Франциянын ортосундагы маданият жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоорун француз тараптан кароону тездетүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргыз Республикасы менен Франциянын ортосундагы маданий чөйрөдөгү кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK