КРдин Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси С.Шер-Нияз мырза "Airbus" компаниясынын Вице-президенти Ж.Гаригью менен жолугушту

202

6-июль 2023-жылы Париж шаарында Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз мырза Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча "Airbus" компаниясынын Вице-президенти Жак Гаригью мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу авиация жаатындагы Кыргыз-француз эки тараптуу кызматташтыгын активдештирүү максатында Кыргыз тараптын демилгеси менен өттү.

Элчи С.Шер-Нияз "Airbus" компаниясы менен активдүү кызматташуунун башталышы, мурда сатылып алынган тик учактарды пайдалануу тажрыйбасы тууралуу канааттануу менен белгиледи.

Муну менен Франциянын авиация тармагындагы тажрыйбасын жана жетишкендиктерин эске алуу менен элчи кызматташтыкты кеңейтүү сунушун киргизди. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын тоолуу жерлеринде учууларды ишке ашыруу үчүн орто класстагы авиациялык кемелерди сатып алуу, ошондой эле чек ара аймактарына мониторинг жүргүзүү, тоо сууларынын нугун өзгөртүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба жерлерин сарамжалдуу пайдалануу үчүн "Airbus" компаниясынын космостук спутнигинин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча.

Өз кезегинде Вице-президент Жак Гаригью "Airbus" компаниясы тарабынан “А220” классындагы авиабортту пайдалануу практикасы жана кыска аралыкка өлкө ичинде учууларды жүзөгө ашыруу үчүн сыйымдуулугу 90 адамга чейин жана турбо пропеллер менен жабдылган "ATR-72" классындагы авиабортторду берүү боюнча элчинин сунушун оң жагына кароого даяр экендиги тууралуу маалымдады. Спутникти пайдалануу жаатында каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери жана варианттары талкууланды.

Тараптар ошондой эле "Airbus" компаниясынын региондогу Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуусу боюнча пикир алмашышты жана жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы менен Франциянын ортосундагы авиация жаатындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK