Элчи С.Шер-Нияз Франциянын Улуттук Ассамблеясынын Президентинин дипломатиялык кеңешчиси А.Тришон менен жолугушту

189

2023-жылдын 24-июлунда кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз менен Франциянын Улуттук Ассамблеясынын Президентинин дипломатиялык кеңешчиси Ариан Тришо айымдын жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи С.Шер-Нияз маектешинин назарына өлкөдөгү ички саясий өзгөрүүлөрдү, адам укуктарын, сөз эркиндигин чыңдоо боюнча жасалып жаткан иштер, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана бейөкмөт уюмдар боюнча каралып жаткан мыйзам долбоорлору тууралуу маалыматтарды жеткирүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Дипломатиялык кеңешчи А.Тришо кыргыз-француз мамилелеринин активдешүүсүн канааттануу менен белгиледи. Ошону менен бирге, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттер аралык кызматташтыктын олуттуу ролун эске алуу менен тараптар кызматташтыкты мындан ары активдештирүүгө, анын ичинде эки өлкөнүн парламентарийлеринин ортосундагы визиттерди алмашуу ниетин ырасташты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын делегацияларынын Францияга эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги иш сапарларынын алкагында Франциянын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы менен жолугушууну өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Франциянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү активдештирүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK