Элчи С.Шер-Нияз Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директору Б.Рокфель менен жолугушту

197

2023-жылдын 3-августунда Париж шаарында Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз мырзанын Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директору Брис Рокфель мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-француз кызматташтыгы боюнча маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты, атап айтканда, эки өлкөнүн ортосундагы саясий, инвестициялык жана маданий байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Саясий диалогду кеңейтүү үчүн жогорку деңгээлдерде визиттерди уюштуруу, соода-сатыкты активдештирүүгө көмөктөшүүчү биргелешкен иш-чараларды өткөрүү өз ара ырасталды.

Элчи С.Шер-Нияз француз тарапка Кыргызстандагы маанилүү ички саясий өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат берди. Ошол эле учурда Элчи экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-француз Өкмөттөр аралык комиссиясын уюштуруу, кош салык салуудан баш тартуу жана инвестицияларды коргоо жаатында макулдашууларды түзүү, ошондой эле Париж шаарында өтүүчү "IFTM Top Resa 2023" эл аралык туристтик көргөзмөсүнө кыргыз тур операторлорунун катышуусу, биринчи кыргыз-француз бизнес-форумун уюштуруу аркылуу сооданы жана экономиканы активдештирүү зарылдыгына басым жасады.

Франциянын "EDF", "Airbus" жана "Sanofi" компанияларынын Кыргызстандагы экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышуусуна оң баа берилип француз ишкерлери жана инвесторлору үчүн өлкөдө түзүлгөн жагымдуу шарттарды эске алуу менен бул багытта ишти күчөтүү сунушталды.

Маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар Бишкек шаарындагы франко-герман маданияты институтунун ишинин башталышын канааттануу менен белгилешти.

Франциянын климатты жана дүйнөнүн экологиясын жакшыртуу боюнча аракеттерин эске алуу менен Элчи экологияны жана жашыл экономиканы сактоо боюнча долбоорлордун ордуна тышкы карызды кечүү маселесин карап чыгууну француз тарапка сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Франциянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин тастыкташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK