Встреча Чрезвычайного и Полномочного Посла Кыргызской Республики Садык Шер-Нияза с сенатором, Председателем группы дружбы Франция-Центральная Азия в Сенате Франции, господином Эрве Море.
2024-жылдын 6-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз сенатор, Франциянын сенатындагы Франция-Борбор Азия достук тобунун төрагасы Эрве Море мырза менен жолукту.
Пикир алышуу учурунда Элчи С.Шер-Нияз Сенаторго Кыргызстанда болуп жаткан маанилүү саясий өзгөрүүлөр, өлкөнүн демократиялык принциптерге берилгендиги, анын ичинде сөз эркиндиги тууралуу маалымат берди.
Садык Шер-Нияз маектешине Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2023-жылдын ноябрь айында Францияга болгон сапарынын жыйынтыктары айтып берди. Ошондой эле, кыргыз-француз мамилелери маданий иш чаралар, соода-экономикалык тармагын бекемделип жатканына кеңири токтолду.
Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар кыргыз-француз байланыштарын, парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнү бекемдөө боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.