2019-жылдын 6-10-мартында Германияда дүйнѳнүн эң алдыңкы туризм кѳргѳзмѳсү болгон ITB-Berlin орун алууда
2019-жылдын 6-10-мартында Германияда дүйнѳнүн эң алдыңкы туризм кѳргѳзмѳсү болгон ITB-Berlin орун алууда
Быйыл Берлиндеги эң ири эл аралык ITB-Berlin туристтик кѳргѳзмѳдѳ Кыргызстандан 16 туристтик компания катышууда:
- Ak-Sai Travel
- A.T. COMPANY CENTRAL ASIA TOURISM
- Central Asian Travel System
- DCAT Discover Central Asia Tours
- Discover Kyrgyzstan
- Edelweiss Travel Company
- DN Tours Dream Navigator
- Jyrgalan DMO
- Kyrgyz Nature Travel Company
- Kyrgyzstand Journey
- Logos Discovery
- Silk Road Alliance
- Novinomad Travel Company
- Silk Road Destinations
- Tien-Shan Travel
- Travel Land LLC.
Ak-Sai Travel компаниясы Борбор Азия жана Кавказдын башка компаниялары менен биргеликте «Жибек жолу» тематикада кѳргѳзүлүүдѳ. Аталган компаниялар ЮСАИДтин «Борбор Азияда атаандаштык, соода жана жумуш орундарын түзүү» долбоору менен тыгыз кызматташууда. Андан тышкары Кыргызстандын жана чѳлкѳмдѳгү түрдүү туристтик компаниялардын 24 ѳкүлдѳрү да расмий катталган.
Стендте Кыргызстанда белгилүү фольклордук дуэт улуттук музыкалык аспаптарда ѳнѳр тартуулоодо. Ошол эле жерде «Алмалуу» Кыргыз-Немис этноайылдын катышуусунда (Ыссык-Кѳл) боз уй орнотулуп жана кийиз, жүндѳн түрдүү улуттук буюм-тайымдар жасалууда. Ѳткѳн жылы Кыргызстандын стенди уюштуруучулар тарабынан 2 миңден ашуун стендтин ичинен эң мыкты алты стендтин бири болуп саналган.
Кѳргѳзмѳнүн жүрүшүндѳ Дүйнѳлүк туризм уюму (ЮНВТО) тарабынан ич ара туризмди ѳнүктүрүү жана чѳлкѳмдѳгү биримдикти бекемдѳѳ максатта Жибек жолундагы ѳлкѳлѳрдүн туризм министрлеринин тогузунчу жыйынын уюштурду. Анда Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Оторбаев Эринес Мотойович катышты.