2021-жылдын 17-декабрында резиденциясы Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Ыйык Тактыдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Рим Папасы Францискке Ишеним грамоталарын тапшырды.

2120

2021-жылдын 17-декабрында резиденциясы Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Ыйык Тактыдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Рим Папасы Францискке Ишеним грамоталарын тапшырды.

Рим Папасы Франциск менен болгон жолугушууда Элчи Эрлан Абдылдаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан саламын жана жакшы каалоо-тилектерин айтты. Өзүнүн кайрылуусунда Рим Папасы Франциск эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыктын деңгээлине канааттануусун билдирди, ошондой эле Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Элчи Э.Абдылдаев Ватиканга болгон иш сапарынын алкагында ошондой эле Ватикандын Мамлекеттик катчысы (Премьер-министри) – кардинал Пьетро Паролин, Мамлекеттик катчынын жалпы маселелер боюнча орун басары Эдгар Парра, Мамлекеттер менен байланыштар боюнча катчы (Ватикандын тышкы иштери министри) Пол Галлахер жана Ватикандын протокол кызматынын башчысы Джозеф Мерфи менен жолугушту.

Жогорудагы жолугушуулардын жүрүшүндө Элчи Э.Абдылдаев маектештерди Кыргыз Республикасындагы болуп жаткан саясий жана экономикалык реформалардын негизги багыттары тууралуу маалымдады, Кыргыз Республикасы менен Ватикандын ортосундагы түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Ошондой эле, 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Ватикан ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын биргелешип белгилөө тууралуу пикир алмашышты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK